15.02.2024
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясынын
№ 47 Т О К Т О М У
15.02.2024-жыл Жаңы-Жол айылы
Арал айылынын тургуну Сурапов Замирге 1га жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылынын тургуну Сурапов Замирдин Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинен алган 280,281,282 контурундагы асылдуулугу төмөн 1 га жер аянтынын багытын өзгөртүүгө уруксат алуу боюнча арызынын жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасы, республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 01-32/225 катынын негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу жана республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын корутунду каты эске алынсын.
- Арал айылынын тургуну Сурапов Замирге Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинен алган асылдуулугу төмөн 1 га жер аянтынын багытын өзгөртүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамдуу иш алып барууга Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков