15.02.2024
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясынын
№ 46 Т О К Т О М У
15.02.2024-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы № 10 Т.Казатов атындагы орто мектептин эски орду жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы Т.Казатов атындагы орто мектепке жаңы имарат салынгандыгына байланыштуу, эски мектептин ордунда бош калган жер аянттын башкы планга өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу эске алынсын.
- Т.Казатов атындагы орто мектебинин бош калган эски имаратынын жер аянттын башкы планга өзгөртүү боюнча иш алып барууга, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге макулдук берилсин.
- Жер тилкесин биринчи кезекте ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, бирөөнүн кароосуна муктаж жарандарга бөлүштүрүп берүү боюнча, мыйзам чегинде, көрсөтүлгөн тартипте иш жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге, Кара-Суу айылынын башчысы А.Орозовго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков