15.02.2024

2, 2024 3 11 16:28:00

   Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз  XXXXII   сессиясынын

                                       №  42 Т О К Т О М У

            15.02.2024-жыл                                                         Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Жаңы-Жол айылындагы "Тегирменчи Асыран" көчөсүнөн баштап, Абдырахман көчөсүнө чейинки туура кеткен аты жок курулмаларга маркум Кулукеев Бузурмандын ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү мамлекеттик  администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын  жетекчиликке алуу  менен  айылдык кенештин VIII чакырылышынын  кезексиз   XXXХII сессиясы  токтом кылат:

  1. Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Билим  берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиянын  чечими эске алынсын.
  2. Жаңы-Жол  айыл аймагына караштуу  Жаңы-Жол   айылындагы “Тегирменчи Асыран” көчөсүнөн баштап, “Абдырахман” көчөсүнө  чейинки туура кеткен аты жок курулмаларга маркум Кулукеев Бузурмандын  ысымы  ыйгарылсын.                                 
  3. "Кулукеев Бузурман" атындагы көчөнүн  тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана табличкалар менен камсыз кылуу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
  4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  5. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

           Төрага                                                                    Т.Өзүбеков