15.02.2024
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясынын
№ 41 Т О К Т О М У
15.02.2024-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагындагы трансформацияга кеткен 119,99 га жерди бөлүп берүүдө Жаңы-Жол айыл аймагынын калкынын артыкчылыгын эске алуу жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагындагы трансформацияга кеткен 119,99 га жерди бөлүп берүүдө, кезекте турган Жаңы-Жол айыл аймагынын калкынын артыкчылыгын эске алуу жөнүндөгү, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин жана жер маселелери боюнча башкы адисинин сунушунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин жана жер маселелери боюнча башкы адисинин сунушу эске алынсын.
- Жаңы-Жол айыл аймагындагы трансформацияга кеткен 119,99 га жерди бөлүп берүүдө, кезекте турган Жаңы-Жол айыл аймагынын калкынын артыкчылыгы эске алынсын.
- Трансформациялоо иштерин мыйзам чегинде, көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков