15.02.2024
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясынын
№ 40 Т О К Т О М У
15.02.2024-жыл Жаңы-Жол айылы
2 га жер аянтын мамлекеттик Токтогул балык чарбасы ишканасына жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Опоз” участкасындагы мамлекеттик Токтогул балык чарба ишканасынын 1,5га жер аянтынын күн чыгыш тарабынан 2 га жер аянтын балык өстүрүү жана ишкананы кеңейтүү үчүн, жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу жана Жаңы-Жол айылынын элинин чогулушунун протоколу эске алынсын.
- Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу “Опоз” участкасындагы мамлекеттик Токтогул балык чарба ишканасынын 1,5га жер аянтынын, күн чыгыш тарабынан 2 га жер аянтына балык өстүрүү жана ишкананы кеңейтүү үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге макулдук берилсин.
- Бөлүнүп берилген жерди трансформациялоо боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков