15.02.2024
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясынын
№ 38 Т О К Т О М У
15.02.2024-жыл Жаңы-Жол айылы
Кызыл-Туу айылынын тургуну Өзүбеков Нурдинге 0,15 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылынын тургуну Өзүбеков Нурдиндин, Кызыл-Туу айылынын түндүк-батыш тарабындагы Өзүбеков Айбектин пайдаланып жүргөн жер планынын жанындагы бош жаткан 0,15га жер аянтын өзүнүн наамына бекитип берүү боюнча арызынын жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу эске алынсын.
- Кызыл-Туу айылынын тургуну Өзүбеков Айбектин пайдаланып жүргөн жер планынын жанындагы бош жаткан 0,15га жер аянтын, II топтогу майып Өзүбеков Нурдинге бекитип берүү боюнча мыйзамдуу иш алып барууга Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге макулдук берилсин.
- Жер аянтын бекитип берүүдө мыйзам чегинде, көрсөтүлгөн тартипте иш жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков