15.02.2024

2, 2024 3 11 16:20:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз  XXXXII   сессиясынын

                                         №   37 Т О К Т О М У

            15.02.2024-жыл                                                  Жаңы-Жол айылы

 Комсомол айылынын тургуну Турдубаев Союзбекке 0,07 га                       жер аянттын  бекитип берүү  жөнүндө

Комсомол айылынын тургуну Турдубаев Союзбектин  башкы планга бөлүнүп  берилген  жер аянтынан  сырткары ашыкча болгон 0,07га жер аянтына курулуштарды куруп койгондуктан, жер аянтын өзүнүн наамына  бекитип берүү боюнча  арызынын  жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  XXXXII сессиясы  токтом кылат :               

 

  1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу эске алынсын.
  2. Турдубаев Союзбекке,  башкы планга бөлүнүп  берилген  жер аянтынан  сырткары ашыкча болгон өзү пайдаланып жүргөн  0,07га жер аянтын, өзүнүн наамына бекитип берүү боюнча  иш алып барууга  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге     макулдук берилсин.
  3. Жер аянтын бекитип берүүдө мыйзам чегинде, көрсөтүлгөн тартипте иш жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
  5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  6. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

           Төрага                                                                                  Т.Өзүбеков