15.02.2024
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясынын
№ 36 Т О К Т О М У
15.02.2024-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айылынын тургуну Адырбаева Жибекке 1000,0 чарчы метр жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылынын тургуну Адырбаева Жибек, Жаңы-Жол айылынын тургуну Шамилов Азаттын жеке менчик жеринен сырткары ашыкча болгон 1000,0 чарчы метр га жер тилкесин өзүнүн наамына бекитип берүү боюнча арызынын жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу эске алынсын.
- Шамилов Азаттын өзүнүн жеке менчик жеринен сырткары болгон, 1000,0 чарчы метр га жер тилкесин Адырбаева Жибектин наамына бекитип берүү боюнча иш алып барууга, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге макулдук берилсин.
- Жер тилкесин бекитип берүүдө мыйзам чегинде, көрсөтүлгөн тартипте иш жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков