15.02.2024
2, 2024 3 11 16:17:00
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясынын
№ 34 Т О К Т О М У
15.02.2024-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагындагы катуу тиричилик таштандыларга болгон төлөмдөрдүн тарифин өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагындагы катуу тиричилик таштандыларга болгон төлөмдөрдүн тарифин 3 жылга чейин өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндөгү, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу эске алынсын.
- Жаңы-Жол айыл аймагындагы катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу боюнча төлөмдөрдүн тарифи 3 жылга чейин өзгөртүүсүз калтырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков