15.02.2024
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XXXXII сессиясынын
№ 30 Т О К Т О М У
15.02.2024-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну М.Жакыповдун арызы жөнүндө.
Жаңы-Жол айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Жакыпов Мырзабектин Кызыл-Туу айылынын Беш-Көл участкасындагы асылдуулугу төмөн 3,5га жер аянтына бак тигүүгө уруксат алуу боюнча арызынын жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу эске алынсын.
- Жаңы-Жол айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Жакыпов Мырзабекке Кызыл-Туу айылынын Беш-Көл участкасындагы асылдуулугу төмөн 3,5 га жер аянтына бак тигүүгө уруксат берүү боюнча, иш алып барууга Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков