15.02.2024

2, 2024 3 11 16:08:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз

 XXXXII   сессиясынын 

                                    №   29 Т О К Т О М У

            15.02.2024-жыл                                                    Жаңы-Жол айылы

Токтогул шаарынын тургуну Жамшит кызы Айжамалдын жеке менчиктеги 0,45 га жер аянтын трансформациялоо  жөнүндө.

Токтогул шаарынын тургуну Жамшит кызы Айжамалдын өзүнүн жеке менчиктеги 0,45 га айыл чарба багытындагы жер аянтын “өнөр жай” категориясына трансформациялоого макулдук берүү  боюнча арызынын  жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  XXXXII сессиясы  токтом кылат :                           

  1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу эске алынсын.
  2. Жамшит кызы Айжамалдын өзүнүн жеке менчиктеги 0,45 га айыл чарба багытындагы жер аянтын “өнөр жай” категориясына трансформациялоо боюнча иш алып барууга,  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге  макулдук берилсин.
  3. Трансформациялоо иштерин мыйзам чегинде, көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
  5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  6. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

         Төрага                                                                           Т.Өзүбеков