26.01.2024

3, 2024 2 20 11:26:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын  кезектеги                                   XXXXI сессиясынын

                                              №  8  Т О К Т О М У

26.01. 2024-жыл                                                      Жаңы-Жол айылы

Жолдошбеков Бакытбекке  жер тилкесин бекитип  берүү жөнүндө

Жаңы-Жол айылынын тургуну Б.Жолдошбековдун арызынын,                   Жаңы-Жол айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколунун  негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги  XXXXI сессиясы  токтом кылат :                                    

  1. Жаңы-Жол айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколу эске алынсын.
  2. Б.Жолдошбековго жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунушу колдоого алынсын.
  3. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Жаңы-Жол айылынын башкы планынын ичиндеги  Абдразаков Молдоташынын жер участогунун  түштүк тарабындагы өздөрү пайдаланып келген 5935 контурундагы  бош турган 0,15га жер аянты  Б.Жолдошбековго  мыйзам чегинде  бекитип берүү жагы, Жаңы-Жол  айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге  тапшырылсын.
  4. Жер тилкесин бекитип берүүдө мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте  иш алып баруу жагы  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге, жер маселелер боюнча башкы адис А.Молдоказиевге милдеттендирилсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
  6. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  7. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

         Төрага                                                                           Т.Өзүбеков