2601.2024
3, 2024 2 20 11:09:00
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясынын
№ 1 Т О К Т О М У
26.01.2024-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчеттук маалыматтары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин, ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын 2023-жыл ичиндеги бюджеттин жыйналышы жана сарпталышы, айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу отчеттук маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков