26.12.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XXXX сессиясынын
№ 93 Т О К Т О М У
26.12.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
“Нур телеком”, “Билайн”, “Скай мобайл”, “Мегаком” компанияларынын уюлдук жана интернет антенналарына ижара акысын бекитүү жөнүндө
Комсомол, Кызыл-Туу, Куйбышев жана Арал айылдарындагы “Нур телеком”, “Билайн”, “Скай мобайл”, “Мегаком” компанияларынын уюлдук жана интернет антенналарына ижара акысын бекитүү жөнүндөгү өкмөт башчы К.Дербишевдин сунушун карап жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы токтом кылат :
- Өкмөт башчы К.Дербишевдин сунушу эске эске алынсын.
- Калктуу конуштардан Комсомол, Кызыл-Туу, Куйбышев жана Арал айылдарындагы “Нур телеком”, “Билайн”, “Скай мобайл”, “Мегаком” компанияларынын уюлдук жана интернет антенналарына ижара акысы 2024-жылдын 1-январынан тартып, 1 айга 7000(жети миң) болуп бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы өкмөт башчы К.Дербишевге тапшырылсын.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т. Өзүбеков