26.01.2024
4, 2024 2 07 09:59:00
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясынын
№ 8 Т О К Т О М У
26.01. 2024-жыл Жаңы-Жол айылы
Жолдошбеков Бакытбекке жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылынын тургуну Б.Жолдошбековдун арызынын, Жаңы-Жол айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколу эске алынсын.
- Б.Жолдошбековго жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунушу колдоого алынсын.
- Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Жаңы-Жол айылынын башкы планынын ичиндеги Абдразаков Молдоташынын жер участогунун түштүк тарабындагы өздөрү пайдаланып келген 5935 контурундагы бош турган 0,15га жер аянты Б.Жолдошбековго мыйзам чегинде бекитип берүү жагы, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге тапшырылсын.
- Жер тилкесин бекитип берүүдө мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге, жер маселелер боюнча башкы адис А.Молдоказиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков