26.01.2024
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХXXXI сессиясынын
№ 7 Т О К Т О М У
26.01.2024-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айылөкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2023-жылдан 2024-жылга өткөн акча каражатынын каржыланышы,сарпталышы жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджеттик каражаттан калдык болуп калган акча каражатынын 2024-жылга карата каржыланышы сарпталышы боюнча 120 000 сом-Куйбышев айылындагы жолдорду оңдоого, труба койдуруу, шагылдоого, 143 329 сом айылдардагы жолдорду оңдоо, шагылдоо, труба койдурууга, 83600 сом –жайыт комитетине, 100 000 сом-жолбун иттерди атууга, 52000 сом-бала бакчалардагы (род взнос) азык түлүккө, 84 810 сом- ар кандай чарбалык чыгымдарга, 500 000 сом-Жаңы-Жолдогу бала бакчага сарпталышы боюнча, ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын,Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдинбилдирүүсүнүн негизинде, Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезектеги ХXXXI сессиясы токтом кылат :
- Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
- 2023-жылдан 2024-жылга өткөн акча каражаттары төмөндөгүдөй разделдерге, статьяларга бөлүнүп берилсин :
Раздел аппарат 70 111
статья 2215 120 000 сом
статья 2215 143 329 сом
статья 2215 100 000 сом
Раздел жайыт 70429
статья 2215 83 600 сом
Жалпы : 446 929 сом ;
Атайын каражаттан
Раздел бала бакча 70911
статья 2218 52 000 сом
статья 3111 500 000 сом
Раздел аппарат 70111
статья 2222 84 810 сом
Жалпы : 636 810 сом
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков