26.12.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXXX сессиясынын
№ 90 Т О К Т О М У
26.12.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базардын айланасындагы 2 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базардын айланасындагы 2 га жер аянтын трансформациялоо жөнүндөгү Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, Жаны-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXХХ сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын .
- Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базарга чектеш күн чыгыш жана түндүк тарабынан жалпы аянты 2 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
- 2 га жер аянтын трансформациялап, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча комитетине тапшырылсын.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков