26.12.2023

2, 2024 1 15 10:45:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезексиз   XXXX сессиясынын

                                   №  88 Т О К Т О М У

26.12.2023-жыл                                                                     Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагындагы муниципалдык жерлердин   ижара акысынын    тарификациясын бекитүү жөнүндө

Жаңы-Жол айыл аймагында муниципалдык жерлердин ижара акысынын    тарификациясын бекитүү  боюнча Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун  негизинде айылдык кенештин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
  2. Муниципалдык  жерлердин ижара акысы боюнча тарификация колдоого алынсын.
  3. Муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө, белгиленген тарификациянын негизинде иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге  милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
  5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  6. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

   Төрага                                                                                    Т.Өзүбеков