26.12.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXXX сессиясынын
№ 85 Т О К Т О М У
26.12.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
“Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малдарга болгон жайыт акысын бекитип берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малдарга болгон жайыт акысын бекитип берүү жөнүндөгү жайыт комитетинин төрагасы М.Турдалиевдин жана Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы токтом кылат :
- Жаны-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
- Жайлоого чыккан малдарга 1 баш жылкыга, 1 баш уйга 120 (жүз жыйырма) сом, 1 баш кой, эчкиге 25 (жыйырма беш) сом болуп бекитилсин.
- Жайытка чыгуу акысы, жайыт пайдалануучулар (малчы) жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, жайытка чыккан малчы тарабынан төлөнсүн.
- Жайыт акысы 2024-жылдын 1-октябрынан кечиктирилсе, 1 күнгө-0,2% туум менен эсептелинип төлөнсүн.
- Жайытка чыккан бодо малдын саны-100(жүз), майда мал жандыктын саны-1000(миң) баштан ашпасын.Көрсөтүлгөн тартипте малдын саны ашып кеткен шартта, жайыт акысы малчы тарабынан эки эсе төлөнсүн.
- Малчылардын малды жайытка алып чыгуу акысы бодо мал -500(беш жүз), майда жандык -100(жүз) сом болуп бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков