26.12.2023

2, 2024 1 15 10:32:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезексиз   XXXX сессиясынын

                                   №  90 Т О К Т О М У

     26.12.2023-жыл                                                                    Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базардын айланасындагы                2 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базардын айланасындагы            2 га жер аянтын трансформациялоо жөнүндөгү Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, Жаны-Жол айылдык кенешинин  «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  XXХХ сессиясы токтом кылат :   

  1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын  чечими эске алынсын .
  2. Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базарга чектеш күн чыгыш жана түндүк тарабынан жалпы аянты 2 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
  3. 2 га жер аянтын трансформациялап,  мыйзам чегинде  иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге  милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча  комитетине  тапшырылсын.
  5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  6. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

   Төрага                                                                                    Т.Өзүбеков