26.12.2023
2, 2024 1 15 10:28:00
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXXX сессиясынын
№ 89 Т О К Т О М У
26.12.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базардын айланасындагы жайыт жерлерге мораторий киргизүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базардын айланасындагы жайыт жерлерге мораторий киргизүү жөнүндөгү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Турдалиевдин, Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М.Турдалиевдин сунушу колдоого алынсын.
- Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базардын айланасындагы жайыт жерлерди ижарага берүүгө, радиусу 1км аралыкта 5 жылдык мөөнөткө мораторий киргизүүгө макулдук берилсин.
- Мораторий киргизүүдө мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү боюнча” комитетине тапшырылсын.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков