26.12.2023
2, 2024 1 15 10:23:00
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXХХ сессиясынын
№ 86 Т О К Т О М У
26.12.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айылөкмөтүнө караштуу мамлекеттик фонддун жерлерин аукционго коюу жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, Жаны-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXХХ сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын .
- КБФнун бошогон жер аянттарына аукцион өткөрүү үчүн комиссия түзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге милдеттендирилсин.
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонддун бошогон жерлерине аукцион 2024-жылдын 16-февралында өткөрүлсүн.
- Жаңы-Жол айыл аймагындагы 1га сугат жер аянтынын баштапкы баасы инфляциянын өсүшүнө байланыштуу 6000 (алты миң) сом болуп бекитилсин .
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтомунун негизинде, Жаңы-Жол айыл аймагындагы бошогон КБФнын жерлеринин 20%ы жакыр, өтө муктаж үй-бүлөлөргө жана мектеп, бала-бакчаларга түз берилсин.
- Суроо талап аз болгон КБФдун кайрак жана жарым сугат жер аянттары түз берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков