26.12.2023

2, 2024 1 15 10:22:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезексиз   XXXX сессиясынын

                                  №  85  Т О К Т О М У

26.12.2023-жыл                                                               Жаңы-Жол айылы

 

“Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малдарга болгон жайыт акысын  бекитип берүү жөнүндө 

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малдарга болгон жайыт  акысын бекитип берүү жөнүндөгү жайыт комитетинин төрагасы М.Турдалиевдин жана   Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы         токтом кылат  :   

  1. Жаны-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
  2. Жайлоого чыккан  малдарга  1 баш жылкыга, 1 баш уйга  120  (жүз жыйырма) сом,      1 баш кой, эчкиге 25 (жыйырма беш) сом  болуп бекитилсин.
  3. Жайытка чыгуу акысы,  жайыт  пайдалануучулар (малчы) жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде,  жайытка чыккан малчы тарабынан төлөнсүн.
  4. Жайыт акысы 2024-жылдын 1-октябрынан кечиктирилсе, 1 күнгө-0,2% туум менен эсептелинип төлөнсүн.
  5. Жайытка чыккан  бодо малдын саны-100(жүз), майда мал жандыктын  саны-1000(миң) баштан ашпасын.Көрсөтүлгөн тартипте малдын саны ашып кеткен шартта, жайыт акысы малчы тарабынан эки эсе төлөнсүн.
  6. Малчылардын малды  жайытка  алып чыгуу акысы  бодо мал -500(беш жүз), майда жандык -100(жүз)  сом болуп бекитилсин.
  7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
  8. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  9. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

      Төрага                                                                                  Т.Өзүбеков