26.12.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXXX сессиясынын
№ 91 Т О К Т О М У
26.12.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы жер аянттарын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын батыш тарабындагы эски ДСУга чектеш 1,10га жана күн батыш тарабындагы Мээрикан көчөсү бүткөндөн кийин арык менен лотоктун ортосундагы бош жаткан 800 чарчы метр жер аянттарын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндөгү Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXХХ сессиясы токтом кылат :
- Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу эске алынсын.
- Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын батыш тарабындагы эски ДСУга чектеш 1,10 га жана күн батыш тарабындагы Мээрикан көчөсүндөгү (арык менен лотоктун ортосу) бош жаткан 800 чарчы метр жер аянттарын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
- Жер аянттарын муниципалдык менчикке алууда, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы «Айыл чарба, жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча комитетине тапшырылсын.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков