26.12.2023
2, 2024 1 15 10:00:00
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXXX сессиясынын
№ 87 Т О К Т О М У
26.12.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагындагы жайыт жерлерин ижарага берүү акысы жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин жайыт жерлерди ижарага берүү акысы жөнүндө сунушунун негизинде Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жаны-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
- Бал челектин жайыт ижара акысы 1сотых жерге -100 (жүз) сомго, туризмди өнүктүрүүгө -200 (эки жүз) сомго бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков