26.12.2023

2, 2024 1 15 09:56:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезексиз   XXXX сессиясынын

                              №  84 Т О К Т О М У

26.12.2023-жыл                                                                       Жаңы-Жол айылы

Муниципалдык мал базардагы кызмат көрсөтүүлөрдүн                              акысын бекитүү жөнүндө

Жаңы-Жол айыл аймагында муниципалдык мал базардагы  кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын бекитүү  боюнча Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун  негизинде айылдык кенештин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы

    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын чечими  эске алынсын.
  2. Муниципалдык мал базарга кирген  автоунаалардан алынуучу акы : жеңил авто унаа -20 (жыйырма) сом, жүк ташычуу унаа- 50 (элүү) сом  жана      чоң жүк ташычуу автоунаа – 100 (жүз) сом болуп бекитилсин.
  3. Муниципалдык мал базарга малдардын кирүү акысы: бодо малга (жылкы, уй)-  80 (сексен) сом,  майда жандык малга (кой, эчки) -40 (кырк)  сом болуп  бекитилсин.
  4. Муниципалдык мал базардын аймагындагы курулмалардан     (вет.аптека, дүкөн, тамактануучу жайлар, жатакана ж.б.) алынуучу  ижара акы белгиленген тарификациянын негизинде жүргүзүлсүн.
  5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
  6. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  7. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

   Төрага                                                                                     Т.Өзүбеков