26.12.2023

2, 2024 1 15 17:48:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезексиз   XXXX сессиясынын

                           №  83  Т О К Т О М У

26.12.2023-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл аймагында айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүү акысын бекитүү   жөнүндө

Жаңы-Жол айыл аймагында айыл чарба техникаларынын  кызмат көрсөтүү акысын бекитүү  боюнча Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун  негизинде айылдык кенештин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы

                                        ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин “Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын чечими  эске алынсын.
  2. Айыл чарба техникалардын кызмат көрсөтүү акысы:  1 сотых жер аянтын    айдоо-80 (сексен) сом, мала агент тартуу -25 (жыйырма беш) сом, чөп чабуу-25 (жыйырма беш) сом, чөп таңгактоо-20 (жыйырма) сом болуп бекитилсин.  
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
  4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  5. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

   Төрага                                                                                    Т.Өзүбеков