26.12.2023

2, 2024 1 15 17:47:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезексиз   XXXX сессиясынын

                                   №  82  Т О К Т О М У

26.12.2023-жыл                                                                Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасынын  төлөмдөрү жөнүндө

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Деко” муниципалдык ишканасынын директору Б.Жантаевдин катуу тиричилик калдыктар таштандысын чыгарууга болгон төлөмдөрдү бекитүү боюнча  билдирүүсүнүн, Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин  “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести  өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы токтом кылат :

  1. Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести  өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары” боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
  2. Жаңы-Жол айыл аймагына тиешелүү Бишкек-Ош трассасынын  боюндагы коммерциялык ишканалардын 1 айлык тарифи 1000 (миң) сомго      Ала-Белдеги соода түйүндөрүндө 500 (беш жүз) сомго, ошондой эле коомдук тамактануучу жайлардын, дүкөндөрдүн, курулуш материалдарын саткан соода түйүндөрдүн   аянтына жараша бекитилсин.
  3. Таштанды чыгаруунун   тарифи ар бир кожолукка 100 (жүз) сом боюнча өзгөрүүсүз калтырылсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
  5. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  6. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

     Төрага                                                                                     Т.Өзүбеков