26.12.2023
2, 2024 1 15 17:46:00
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XXXX сессиясынын
№ 81 Т О К Т О М У
26.12.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
“Жаңы-Жол айылынын этегине шлагбаум орнотуу жөнүндө
Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базарга кеткен жолдор чаң болуп, жергиликтүү калктан нааразычылык түшүп жаткандыгына байланыштуу Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушунун негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жаны-Жол өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин сунушу эске алынсын.
- Жаңы-Жол айылын аралап, муниципалдык мал базарга чыккан жолдун этегине шлагбаум орнотууга макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков