26.12.2023
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясынын
№ 80 Т О К Т О М У
26.12.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
“Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 151-беренесинин негизинде Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч Култаеванын сунушуна ылайык 2024-жылдын 1- январынан баштап жергиликтүү салыктарды Жаңы-Жол айыл аймагына киргизүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 151-беренесинин негизинде Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч. Култаеванын сунушуна ылайык 2024-жылдын 1-январынан баштап жергиликтүү салыктарды Жаңы-Жол айыл аймагына киргизүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXХХ сессиясы
токтом кылат :
- Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 151-беренесинин негизинде Жаңы-Жол айыл аймагынын 2024-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгүдөй жергиликтүү салыктын түрлөрү киргизилсин:
- короо жай жана багбанчылык жер участокторунун пайдаланышы үчүн жер салыгы;
- айыл чарбасына багытталган жер салыгы;
- айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы;
- I-II-III- топтогу кыймылсыз мүлк салыгы;
- Бул токтомду аткаруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч Култаевага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т. Өзүбеков