24.11.2023

2, 2024 1 15 17:35:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз

 XXXIX   сессиясынын  

                                   №  77  Т О К Т О М У

  24.11.2023-жыл                                                             Жаңы-Жол айылы

“Жаңы-Жол айылына аллея куруу” долбоордук   сунушун бекитүү   жөнүндө

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин долбоордук сунуштар боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттикадминистрация жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына таянып, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынынкезексизXXXIX сессиясы   токтом кылат:

                       

  1. “Жаңы-Жол айылына аллея куруу” долбоордук      сунушу бекитилсин.
  2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 45 %зы, 2 464 449(эки миллион төрт жүз алтымыш төрт миң төрт жүз кырк тогуз) сом болуп бекитилсин.
  3. Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдардын өлчөмү 93 725(токсон үч миң жети жүз жыйырма беш миң) сом болуп бекитилсин.
  4. Долбоор ишке ашып калса, жогорудагы бекитилген акча каражаттары 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
  5. Бул токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч.Култаевага жүктөлсүн.
  6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести  өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  7.  Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  8. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.     

 

         Төрага                                                                                  Т. Өзүбеков