24.11.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
XXXIX сессиясынын
№ 76 Т О К Т О М У
24.11.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
“Комсомол айылынын бала-бакчасын ремонттоо” долбоордук сунушун бекитүү жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин долбоордук сунуштар боюнча маалыматын угуп жанаталкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттикадминистрация жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына таянып, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы токтом кылат:
- “Комсомол айылынын бала-бакчасын ремонттоо” долбоордук сунушу бекитилсин.
- Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 51 %зы, 5 247 420( беш миллион эки жүз кырк жети миң төрт жүз жыйырма) сом болуп бекитилсин.
- Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдардын өлчөмү 179 779 (жүз жетимиш тогуз миң жети жүз жетимиш тогуз жүз) сом болуп бекитилсин.
- Долбоор ишке ашып калса, жогорудагы бекитилген акча каражаттары 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч.Култаевага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т. Өзүбеков