01.11.2023

2, 2024 1 15 16:22:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын кезексиз

 XXXVIII   сессиясынын  

                                        №  71  Т О К Т О М У

 

01.11.2023-жыл                                                               Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айылындагы  № 9 И. Умаров атындагы орто мектебин ремонтоодо жылуулук  системасын сметада каралган кургак тендин ордуна жылуутуу системасына(паровой отопление) алмаштыруу жөнүндө  XXXVIII сессиясы токтом кылат:

    1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин  “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын   чечими эске алынсын.   

2.Жаңы-Жол айылындагы № 9  И. Умаров атындагы орто мектебинин  кургак  тенин  жылуулук системасына (паровой отопление) алмаштырууга макулдук берилсин.

3.  Жылытуу системасын алмаштырууда иш алып баруу жагы, долбоордун техникалык көзөмөлдөөчүсү К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5.Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.     

 

         Төрага                                                                                  Т. Өзүбеков