09/10/2023
2, 2024 1 15 16:08:00
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXХVII сессиясынын
№ 67 Т О К Т О М У
09.10.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше боюнча 2024-2025-2026- жылдарга божомолу жөнүндө
Жаны-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVII сесcиясы токтом кылат :
- Жаны-Жол айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
- Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2024-жылга божомолу 23497,0 мин сом,анын ичинен атайын каражаттар 3005,0 миң сомго бекитилсин.
- Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2025-жылга божомолу 23925,0 миң сом,анын ичинен атайын каражаттар 3200,0 миң сомго бекитилсин.
- Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2026-жылга божомолу 24159,0 миң сом, анын ичинен, атайын каражаттар 3200,0 миң сомго бекитилсин.
- Корголгон беренелердин (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр - электр энергияга,сууга төлөөлөр, отун, көмүр, тамак- аш азыктарын сатып алуу) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Култаевага жүктөлсүн.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков