25.09.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясынын
№ 60 Т О К Т О М У
25.09. 2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Токтогулов Нурисбекке жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылынын тургуну Н.Токтогуловдун арызынын, Жаңы-Жол айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколунун жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин сунушунун негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколу эске алынсын.
- Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
- Н.Токтогуловго жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунушу колдоого алынсын.
- Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Жаңы-Жол айылынын түштүк тарабындагы жаңы конуштагы 55,89 жана 56,06 контурунда жайгашкан ашыкча турган жер участогун мыйзам чегинде бекитип берүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге тапшырылсын.
- Жер тилкесин бекитип берүүдө мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге, жер маселелер боюнча башкы адис А.Молдоказиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков