09.10.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясынын
№ 66 Т О К Т О М У
09.10. 2023-жыл Жаңы-Жол айылы
М.Ташболотовдун Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылындагы “Эски-Кампа”участогундагы 0,60га жеке менчик жер аянтынын максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кетмен-Төбө айыл өкмөтүнүн Чоң-Арык айылынын тургуну М.Ташболотовдун, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылындагы “Эски Кампа” участогунан жеке менчиктеги 0,60 га жер аянтынын максаттуу багытын “Өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына” которуу жөнүндөгү арызынын, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин сунушунун негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы токтом кылат :
- Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
- Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылындагы “Эски Кампа” участогунан жеке менчиктеги жалпы аянты 0,60 га сериясы № 00442041 ИК № 3-07-03-1002-0479 жер аянтынын багытын “Өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына” өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Жер аянттын багытын өзгөртүп берүүдө, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин .
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков