09.10.23
5, 2023 10 26 11:58:00
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясынын
№ 65 Т О К Т О М У
09.10.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы токтом кылат:
- Жаңы-Жол айылдык кеңешинин "Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча" туруктуу комиссиянын чечими эске алынсын.
- Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылынын Сапен көчөсүнүн түндүк тарабынын Э.Барманкулов көчөсүнүн күн батыш тарабындагы аты жок көчөгө маркум Аалиева Саадаттын ысымы ыйгарылсын.
- "Аалиева Саадат" атындагы көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана табличкалар менен камсыз кылуу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков