09.10.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясынын
№ 64 Т О К Т О М У
09.10.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Кара-Суу айылындагы Т.Казатов атындагы орто мектептин эски имаратын жана Жаңы-Жол айылындагы ФАПтун эски имаратын убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы Т.Казатов атындагы орто мектептин бышкан кыштан салынган жана Жаңы-Жол айылындагы ФАПтун эски имараттарын убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү жарандардын, коомдук уюмдардын, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин сунуштарынын негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин убактылуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы токтом кылат:
- Жаңы-Жол айылдык кеңешинин убактылуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
- Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы Т.Казатов атындагы орто мектептин бышкан кыштан салынган эски имаратын жана Жаңы-Жол айылындагы ФАПтун эски имаратын убактылуу пайдаланууга, убактылуу комиссиянын чечиминин негизинде, чечимде көрсөтүлгөн тартипте бөлүштүрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Эски имараттарды убактылуу пайдаланууга берүүдө мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин .
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кенешинин “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү” боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков