09.10.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXХVII сессиясынын
№ 63 Т О К Т О М У
09.10.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базардын ижара акысын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылындагы муниципалдык мал базарды ижарага берүүдө, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн убактылуу комиссиясынын жана Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVII сессиясы токтом кылат :
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн убактылуу комиссиясынын жана Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимдери эске алынсын.
- Муниципалдык мал базардын ижара акысы бир жылга 1 га жер аянтына 20 000 (жыйырма миң) сомдон, жалпы 3 га жер аянтына 60000 (алтымыш миң) сом болуп бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Депутаттык этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков