09.10.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXХVII сессиясынын
№ 62 Т О К Т О М У
09.10.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар жөнүндө
Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу мектептердин, бала бакчалардын кышкы даярдыгы үчүн көмүр алууга-110 000 сом, “Нурпейилим” балдар бакчасына тамак бышыруучу меш (комфорка) алууга-120 000 сом, “Булак-Суу” муниципалдык ишканасынын суу чыгарган насосун алмаштырууга – 50 000сом, Жаңы-Жол айылындагы жаңы салынган ФАПна таза суу чыгарууга-20 000 сом, Комсомол айылындагы жаңы салынган ФАПна таза суу чыгарууга -20 000 сом, Комсомол айылындагы мектеп,бала бакча,кичи футболдук аянтчасынын ичүүчү таза суусуна төлөө үчүн -58 600 сом, “Балалык” балдар бакчасына муздаткыч алууга жана машыгуу шаймандарын орнотууга-76400 сом,Комсомол айылындагы “Манас” атындагы орто мектебине от жагуучу меш (электр жабдыктарын пускатель, кабель ж.б.) алуу жана каалгасын алмаштыруу үчүн-50 000сом, Н.Бримкулов атындагы мектеп –гимназиясынын алдында бала бакча үчүн ачылган бөлмөгө курулуш материалдарын алууга-70 000 сом,соц.камсыздандырууга-40000сом акча каражаттарын сессияда карап бекитүү үчүн Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз ХXXVII сессиясы токтом кылат :
- Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.
Раздел орто мектеп 70921 статья 2224 100 800 сом ;
статья 2222 50 000 сом ;
70 000 сом ;
Раздел бала бакча 70911 статья 2224 9200 сом ;
статья 2222 120 000 сом ;
76400 сом ;
Раздел аппарат 70111 статья 2511 148 600 сом ;
Раздел соц.камсыздандыруу
71092 статья 2721 40 000 сом.
Жалпы : 615 000 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков