09.10.2023

5, 2023 10 26 11:50:00

Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  VIII  чакырылышынын      кезектеги       XXXVII  сессиясынын

                                                №  61  Т О К Т О М У

09.10.2023-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

                 Жаңы-Жол  айылындагы жаңы курулган мечитке  маркум                     Доскеев Базарбайдын ысымын  ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү мамлекеттик  администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын  жетекчиликке алуу  менен, айылдык кенештин VIII чакырылышынын  кезексиз  XXXVII сессиясы токтом кылат:                  

  1. Жаңы-Жол айылдык кеңешини билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
  2. Жаңы-Жол  айылындагы жаңы курулган мечитке  маркум    Доскеев Базарбайдын ысымы ыйгарылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол  айылдык кенешинин  “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
  4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  5. Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

                 

       Төрага                                                                                             Т.Өзүбеков