25.09.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясынын
№ 59 Т О К Т О М У
25.09. 2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылынын тургуну А.Кубанычбековго 0,15га жер аянтын жеке менчикке бекитип берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылынын тургуну А.Кубанычбековдун, жеке менчик жерин “Келечек” балдар бакчасынын жери аз болгондуктан, бала бакчанын күн чыгыш тарабындагы 0,15га жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүп берип жаткандыктан, Кара-Суу айылынын түндүк тарабындагы жаңы конуштун үстүндөгү өзү пайдаланып жүргөн 0,15га жер аянтын,жеке менчикке бекитип берүү жөнүндөгү арызынын, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин сунушунун негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы токтом кылат :
- Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
- А.Кубанычбеков өзүнүн жеке менчик жерин “Келечек” балдар бакчасына өткөрүп бергендигине байланыштуу, Кара-Суу айылынын түндүк тарабындагы жаңы конуштун үстүндөгү өзү пайдаланып жүргөн 0,15 сотых жер аянтын жеке менчикке бекитип берүүдө, мыйзам чегинде иш алып баруу жагыЖаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков