15/09/2023

5, 2023 10 26 17:14:00

Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз   ХXXV сессиясынын

                              № 49  Т О К Т О М У

15.09.2023-жыл                                                             Жаңы-Жол айылы

 

Токтогул районунун  Жаңы-Жол  айыл  өкмөтүнүн  Жаңы-Жол  айылынын “Опоз” участкасындагы № 6003 контурундагы 3,0 га жер аянты   жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 231,233-2, 233-5, беренелеринин Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7,18,22,23,27,29 6-п, 35,49-беренелерин,   Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө  мыйзамынын        19-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик  администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө  мыйзамынын 25,27,34,   39-беренелерин жетекчиликке алып, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын   4-cентябрындагы № 01-9/264 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиясынын 2023-жылдын 12-сентябрындагы отурумунун № 5 протоколун,  Жаңы-Жол айыл  өкмөтүнүн башчысынын сунушун эске алып, Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз  XXXI сессиясынын 2023-жылдын  8-июнундагы       № 33 токтомунун негизинде  Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз  XXXV сессиясы    токтом кылат :

  1. Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн оперативдүү башкаруусунда турган Жаңы-Жол айылынын “Опоз” участкасындагы № 6003 контурунда жайланышкан 3,0 га жер аянты муниципалдык мал базар куруу максатында түз берүү аркылуу Батырбеков Адылбек Шамшиевичке 49 (кырк тогуз) жылга ижарага берүүгө макулдук  берилсин.
  2. Батырбеков Адылбек Шамшиевич менен  ижара келишимин түзүү жагы  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Курулуп баштаган курулуштун техникалык документтин (долбоорун) даярдатуу жагы Батырбеков Адылбек Шамшиевичке жүктөлсүн.
  4. Мамлекеттик  жеке өнөктөштүктүн негизинде курулган курулуштун документтерин мамлекеттик  каттоодон өткөрүү жагы  Батырбеков Адылбек Шамшиевичке милдеттендирилсин.
  5. Ижара акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөткөн тартипте жүргүзүлсүн.
  6. Токтомдун көчүрмөсү Токтогул райондук мамлекеттик  администрациясына маалымат үчүн жиберилсин (анткени менчик ээси).
  7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Депутаттык  этика, атуулдардын арыз даттанууларын, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана курулуштардын сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
  9. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

                   Төрага                                                                       Т.Өзүбеков