25.09.2023

5, 2023 10 26 11:14:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын  кезексиз                                   XXXVI сессиясынын

                                 №  54  Т О К Т О М У

25.09. 2023-жыл                                                           Жаңы-Жол айылы

Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктеги алма бактын  багытын өзгөртүү   жөнүндө

Жаңы-Жол айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги 4 га  алма  бактын  багытын өзгөртүп, эс алуу парк куруу үчүн “Аманат жол” жаштар фондусунун кайрылуусунун  негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин  “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын  чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  XXXVI сессиясы  токтом кылат :     

 1. Жаны-Жол айылдык кеңешинин  “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

2. Жаңы-Жол айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган  4 га  алма  бактын  багытын өзгөртүп ( эс алуу паркын  куруу үчүн ) макулдук берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

         Төрага                                                                           Т.Өзүбеков