25.09.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясынын
№ 52 Т О К Т О М У
25.09. 2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоцациясынын 70 га жерге күздүк үрөөнчүлүк чарба уюштуруу жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоцациясынын 70 га жер аянтына күздүк үрөөнчүлүк чарба уюштуруу жөнүндөгү, жайыт комитетинин төрагасы М.Турдалиевдин сунушунун негизинде Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы токтом кылат :
- Жаны-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоцациясынын, 70 га жер аянтына күздүк үрөөнчүлүк чарба уюштуруу жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков