25.09.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясынын
№ 50 ТОКТОМУ
15.09.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаны-Жол айыл өкмөтүнө 2023-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жаны-Жол айылөкмөтүнүн 2023-жылы кабыл алынган жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгүЖаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде, Кара-Суу айылындагы САSA-1000 долбоорунан өткөн Асанбай көчөсүн асфальтоого ПСД даярдоо үчүн - 150 000 сом, Куйбышев айылындагы Нуржан көчөсүн шагылдап кеңейтүүгө-120 000сом, Жаңы-Жолайылындагы жаны конуштагы көчөлөрүн жана Үзөке көчөсүн кеңейтүүгө-120 000 сом, Кара-Суу айылындагы асфальт жолунун топосъемкасына-15 000 сом, Арал айылына трансформатор орнотуунун топосъемкасына-7000 сом, Жаңы-Жол айылындагы жаңы курулган муниципалдык мал базардын топосъемкасына-10000 сом, “Корош” трансформаторун орнотуунун топосъемкасына -7000 сом, Кызыл-Туу айылындагы ЛОБ участкасынын топосъемкасына -7000сом, Кызыл-туу айылындагы бала бакчанын топосъемкасына-5000 сом, мектептерди ичүүчү таза суу менен камсыздоого- 227 500 сом жана окуучулардын сапар чыгымдарына- 31500 сом акча каражаттарын сессияда карап бекитүү үчүн Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексизXXXV сессиясы токтом кылат:
- Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
Раздел аппарат 70111 4408041251000619
2215 статья 441 000сом
Раздел орто мектеп 70921 4408041251001023
2231 статья 227 500 сом
Раздел соц. камсыздандыруу 4408041251000922
2211 статья 31 500 сом.
Жалпы : 700 000 сом.
2.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков