29.08.2023

5, 2023 10 26 10:42:00

Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  VIII чакырылышынын  кезексиз   ХXXIV сессиясынын

                                        № 48  Т О К Т О М У

29.08.2023-жыл                                                              Жаңы-Жол айылы

Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунун алкагында уюштурулуучу сынактын  Жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча органдары жөнүндөгү" мыйзамына ылайык,  Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунун алкагында уюштурулуучу сынактын  Жобосун бекитүү боюнча  Жаңы-Жол айылдык кенешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести  өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары” боюнча туруктуу  комиссиянын  чечимин угуп жана талкуулап, Жаны-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз  XXXIV сессиясы    токтом кылат :

  1. Жаны-Жол айыл өкмөтүндө кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу, тарифтерди чогултууну жакшыртуу, стимулдаштыруу багытында айылдардын ортосунда сынак жүргүзүү боюнча типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Сынак өткөрүүнү уюштуруу боюнча тиешелүү кызматкерлерден атайын жумушчу топ түзүлсүн, топтун мүчөлөрү сынакты өткөрүү боюнча бекитилген жобону алкагында     иш-чара иштеп чыгышсын, аткарууга алышсын.
  3. Сынак өткөрүүнүн тартиби боюнча маалыматтар  социалдык түйүндөр, маалымат тактайчаларына жайгаштыруу, жыйналыштарда талкуулоо аркылуу калкка тез арада жеткирилсин.
  4. Жогоруда бекитилген жобонун талаптарынын аткарылышын, жыйналыштардын уюштурулушун камсыз кылуу түздөн түз жумушчу топко, Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге  милдеттендирилсин.
  5. Аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Жол айылдык кенешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести  өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары” боюнча туруктуу комиссияга  тапшырылсын.
  6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

       7. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

             Төрага                                                   Т.Өзүбеков

 

                                                                                      БЕКИТИЛДИ       

                                                                   Жаны-Жол айылдык кеңешинин

                                                                 2023-жылдын 29-августундагы

                                                                № 48 токтомуна тиркеме

Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын ортосунда өткөрүлүүчү сынактын типтүү Жобосу

1. Жалпы жоболор

1.1 Кызматтардын туруктуулугун күчөтүү, тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу багытында жүргүзүлгөн эң мыкты иш боюнча айылдардын ортосундагы сынак (мындан ары-сынак), тарифтерге негизделген кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү чогултууну көбөйтүү жана стимулдаштыруу максатында өткөрүлөт.

1.2 Сынак Жаны-Жол айыл өкмөтү тарабынан 2023-жылдын 5-августунан 2023-жылдын 30-сентябрына чейин Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоору менен биргеликте өткөрүлөт.

2. Сынактын шарттары

2.1. Сынакка катышуу Жаңы-Жол айыл аймагында айылдар ортосунда төмөнкү кызматтар үчүн төлөмдөрдү көбөйтүү максатында өткөрүлөт:

          Кызматы

        Кызмат көрсөтүүчү

 Байланыш маалыматтары

Катуу тиричилик таштанды калдыктарын чыгаруу

"ДЭКО" муниципалдык ишканасы

Жаңы-Жол айылы Бекмырза көчөсү 1  Тел:0700850403

 

2.2. Сынакка катышуу үчүн тандалып алынган айылдардын жогоруда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүчүнүн кызматтары үчүн 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 30-сентябрына чейин чогултулган төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатууну жакшыртуулары керек.

2.3 Сынактын башталаар алдында жана аны өткөрүү процессинде, кызмат көрсөтүүчү катышкан аймактардагы көрсөтүлгөн кызматтарга болгон төлөмдөрдү чогултуунун учурдагы абалы жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтү маалымдайт.

2.4 Жаңы-Жол айыл өкмөтү сынактын жүрүшү жана учурдагы натыйжалары жөнүндө калкты үзгүлтүксүз маалымдап турат.

3. Сынак өткөрүүнүн тартиби

3.1 Жаңы-Жол айыл өкмөтү сынактын башталышы жөнүндө маалымат такталарында жайгаштыруу, тургундардын чогулуштарында жарыялоо жана анын өкүлдөрү аркылуу калкка билдирет.

3.2 Сынакка катышууну каалаган аймактар өз өкүлүн тандайт жана ал Жаны-Жол айыл өкмөтүнө сынакка катышуу жөнүндө маалымдайт. Жаңы-Жол айыл аймагында катышкан айылдардын тизмесин түзүп,алардын өкүлдөрүнө сынактын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берип турат.

4. Жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби

4.1 Сынактык комиссия Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн буйругу менен Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, жамааттардын лидерлеринен жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн турат.

4.2 Сынактык комиссия 2023-жылдын 15-сентябрына чейин сынактын жыйынтыгын чыгарат жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн алынган маалыматтардын негизинде, 2023-жылдын 1-январынан тартып 30-сентябрына чейинки мезгилдеги кызматтар үчүн акы чогултуунун пайызына жараша жеңүүчүлөрдү аныктайт.

4.3 Сынактык комиссиянын чечими протокол менен бекитилет жана жалпыга маалымдоо үчүн маалымат такталарына илинет.

5. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи

5.1 Сынактын байге фонду "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоору тарабынан берилген 35 миң сомду түзөт. Байге фонду акчалай түрдө берилбейт. Бул каражаттар жеңүүчү аймакты жакшыртууга жумшалат.

5.2 Жеңишке ээ болгон аймактын өкүлдөрү,өз тургундарынын чечиминин негизинде, берилген сумманын чегинде, аймакты жакшыртууга багытталган демилгелерди сунушташат.

5.3 Жаны-Жол айыл өкмөтү байге акчаларын аймактын өкүлү менен макулдашылган демилгени каржылоого багыттайт.

5.4 Жылдын аягында Жаңы-Жол айыл өкмөтү кызмат көрсөтүүчүлөр менен биргеликте айылдын тургундарына аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет берет.

 

 

 

 Жаңы-Жол айылдык кеңешинин

 төрагасынын орун басары                                                     И.Кундузбаева