29.08.2023
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХXXIV сессиясынын
№ 47 Т О К Т О М У
29.08.2023-жыл Жаңы-Жол айылы
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын Кара-Ой кыштоосундагы кунарсыз жайыт жерден 5 га жерге бак тигип өздөштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 токтомуна ылайык Жаңы-Жол айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Тургунбек уулу Бакытбектин кунарсыз жайыт жерден 5 га жерге алма бак тигип өздөштүрүү жөнүндө арызынын негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы токтом кылат :
- Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
- Тургунбек уулу Бакытбекке Кызыл-Туу айылындагы Кара-Ой кыштоосундагы кунарсыз жайыт жерден 5 га жерге алма бак тигип өздөштүрүү үчүн макулдук берилсин.
- Тургунбек уулу Бакытбекке Кызыл-Туу айылындагы Кара-Ой кыштоосундагы кунарсыз жайыт жерден 5 га жерге алма бак тигип өздөштүрүүдө мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.
- Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага Т.Өзүбеков