23.08.2023

5, 2023 10 26 10:34:00

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын  кезексиз                                   XXXIII сессиясынын

                                      №  45  Т О К Т О М У

23.08. 2023-жыл                                                           Жаңы-Жол айылы

Кайрак участкасындагы “Чынар” эс алуу жайынын алдында жайгашкан 0,40 га жер тилкесинин багытын өзгөртүү   жөнүндө

Жаңы-Жол айыл аймагынын Кайрак участкасынын “Чынар” эс алуу жайынын алдындагы  өздөштүрүлгөн  0,40 га жерине туристтик  борбор куруу үчүн жер  тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча Сурапова Чолпондун арызынын негизинде, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин  “Айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын  чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз  XXXIII сессиясы  токтом кылат :                                     

1. Жаны-Жол айылдык кеңешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

2.    Ч.Сурапованын  Кайрак участкасынын “Чынар” эс алуу жайынын алдындагы  өздөштүрүлгөн  0,40 га жер тилкесин  туристтик борбор куруу үчүн  багытын өзгөртүп берүүдө мыйзам чегинде  иш алып баруу жагы  Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин  айыл чарба  жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын милдеттендирилсин.

4.Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5. Бул токтом  www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

        Төрага                                                                           Т.Өзүбеков