28.07.2023

2, 2023 8 14 15:59:00

Жаңы-Жол  айылдык кеңешинин  XIII  чакырылышынын      кезектеги                                                                    XXXII  сессиясынын

                                              №  43  Т О К Т О М У

28.07.2023-жыл                                                                   Жаңы-Жол айылы

Куйбышев  айылындагы фельдшердик-акушердик пунктуна               Чокошева Турдукандын ысымын  ыйгаруу жөнүндө

         Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү мамлекеттик  администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарын  жетекчиликке алуу  менен, айылдык кенештин VIII чакырылышынын  кезектеги  XXXII сессиясы  токтом кылат:                

  1. Жаңы-Жол айылдык кеңешини билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
  2. Куйбышев айылындагы фельдшердик-акушердик пунктуна    Чокошева Турдукандын ысымы ыйгарылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы                Жаны-Жол  айылдык кенешинин  “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
  4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
  5. Бул токтом  www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап   күчүнө кирет.

                 

      Төрага                                                                                              Т.Өзүбеков